SerepTV Logo

11-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

11-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 11-октябрга караган түнү Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21, Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.