SerepTV Logo

11-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

11-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 11-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14; Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +10…+15; Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+14; Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +5…+10; Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус, күндүз +13…+15 градуска жетет.