SerepTV Logo

11-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

11-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 11-ноябрда Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош облусунун өрөөндөрүндө жана башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусу түнкүсүн -1… + 4, күндүз +6 … +11, Талас облусу түнкүсүн -3…+2, күндүз + 3 … +8, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1… + 6, күндүз +8…+13, Ысык-Көл облусу түнкүсүн -3…+2, күндүз +6 … +11, Нарын облусу түнкүсүн -1…-6, күндүз +4 … +9. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +9…+11 болот.