SerepTV Logo

11-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

11-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 11-мартта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +12…+17; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9; Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз +14…+16° жылуу болот.