SerepTV Logo

11-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

11-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 11-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10; Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз +6…+11; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8; Нарыноблусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5; Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +7…+9 градус болот.
edita