SerepTV Logo

11-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

11-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 11-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6; Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5; Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6; Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10 болот. Бишкек шаарында кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз 4…6° болот.