SerepTV Logo

11-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

11-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 11-декабрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5, Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15, күндүз -1…-3 градус суук.