SerepTV Logo

"11 балабыз менен көчөдө калганы жатабыз" дейт эже-сиңди

"11 балабыз менен көчөдө калганы жатабыз" дейт эже-сиңди
Чынара Өмүрбек кызы 35 жашта. Каарманыбыз өзүнүн балдары, эжеси жана анын балдары болуп Бишкектеги чыгыш автобекетинин айланасында эски мончону үй кылып жашашат. Эже-сиңдилер турмушунан ажырашкан, балдарынын жалпы саны - 11. Өмүрбек кызы “Жашап жаткан жерибизди тез арада бошотуп беришибиз керек. Элдин жардамына муктажбыз” дейт. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: Мбанк: 0500 40 22 88. "Бизди көп балалуусуңар деп батирге албай койгонунан мончодо жашап жатабыз. Бирок бул жерден да чыккыла дешүүдө. Эжемдин 5 баласын баш калкалоочу жайга алып кетип калышты. Мен берген жокмун. 6 балам бар. 20 күндөн бери батир таппай, балдарга көңүл бура албай жатабыз. Бул жерди "ремонт кылабыз" дешти", - деди ал. https://youtu.be/V6crSgg5MKI