SerepTV Logo

11-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

11-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 11-апрелде түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында, Нарын облусунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +23…+28; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19; Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +26…+28° жылуу болот.