"100 мектеп, 45 бала бакча". Мамкурулуш бир жылдын ичинде канча объект курулганы тууралуу маалымат берди
Бүгүн, 25-декабрда Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 2024-жылда аткарылган иштердин жыйынтыктары жана 2025-жылга пландары боюнча маалымат жыйын болуп өттү.
Жыйында Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев журналисттерди кызыктырган суроолорго да жооп берди. Социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу аркылуу региондордо инфраструктураны өнүктүрүү максатында 2024-жылга бекитилген. Тизмеге ылайык, 554 объектке 25,4 миллиард сом каралган, анын 11,6 миллиард сому учурдагы каржылоону түзөт. Бир жылдын ичинде 230 объекттин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлгөн:
- 100 мектеп;
- 45 бала бакча;
- 16 саламаттык сактоо объектиси;
- 9 маданият объекти;
- 416 спорт комплекс;
- 412 турак жай;
- 22 таза суу менен жабдуу объектиси;
- 10 башка объект.