SerepTV Logo

10-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 10-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +27…+32; Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +14...+19, күндүз +29…+34; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +20…+25; Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28; Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17°, күндүз +28…+30° жылуу болот.
edita