SerepTV Logo

10-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 10-октябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Чүй облусутарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28 Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24 Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27 Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20 Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19 Бишкекте  жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +25…+27° жылуу болот.