SerepTV Logo

10-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

10-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 10-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй облусунун тоолуу жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар, Нарын облусунун кээ бир жерлеринде кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15; Талас облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +9…+14; Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12; Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10; Бишкекте күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жуук жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +13…+15 градус болот.
edita