SerepTV Logo

10-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең 10-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы: Чүй аймагында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29; Талас дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31; Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22; Нарын жергесинде түнкүсүн +6…+11; күндүз +23…+28. Ал эми борбор калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +25…+27 градус болот.