SerepTV Logo

10 күндүн ичинде "Ош" базардагы уруксат берилбеген жерде башаламан соода кылгандардын 145 соода түйүнү жоюлду

10 күндүн ичинде "Ош" базардагы уруксат берилбеген жерде башаламан соода кылгандардын 145 соода түйүнү жоюлду
10 күндүн ичинде "Ош" базарында уруксат берилбеген жерде башаламан соода кылгандардын 145 соода түйүнү жоюлду. Бул тууралуу Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, акимиат шаардык базардагы мыйзамсыз соода түйүндөрүн жоюу боюнча чараларды күчөттү. «Социалдык тармактарга жарыяланган видео тасмалардан жана сүрөттөрдөн соодагерлер активдүү каршылык көрсөтүп жаткандыгын байкасаңыз болот. Жоюу иштери башталгандан бери 145 мыйзамсыз соода түйүнү алынды»,- деди Чыныбаев. Белгилей кетсек, бир нече күндөн бери шаар бийлиги "Ош" базарда жайгашкан мыйзамсыз соода түйүндөрүн тазалап жатат. Рейд дайыма соодагерлердин инспекторлорго көрсөткөн каршылыгы менен коштолуп келет.
edita