10 күндөн кийин Ташкенттен Ысык-Көлгө түз каттам ачылат
2021-жылдын жай мезгилин утурлай «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 11-июлда Ташкенттен алгачкы каттамды тосуп алат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
«Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясы Ташкент-Тамчы-Ташкент маршруту боюнча каттамды жумасына бир ирет – жекшемби күндөрү жүргүзмөкчү. Учуу убактысы 1 саат 30 мүнөт.