SerepTV Logo

10-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

10-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 10-июлда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн. Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым айамктарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +30…+35; Талас облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33; Баткен облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +32…+37; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +32…+37; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30; Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29; Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24 градус, күндүз +33…+35 градус болот.