SerepTV Logo

10-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 10-декабрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…-9, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7, Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13, күндүз -4…-6 градус суук.