SerepTV Logo

10-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 10-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18; Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +17…+22. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10°, күндүз +23…+25° жылуу болот.