10-11-декабрда өлкө боюнча аба ырайы туруксуз болот
10-11-декабрда Кыргызстандын аймагында абанын температурасы акырындык менен төмөндөй турганын Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
- Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10...-15°, күндүз -4...-9° чейин;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6...-11°, күндүз -1...-6°;
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12...-17°, күндүз -2...-7° чейин;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18...-23°, күндүз -6...-11° чейин;
Республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -13...-18°, күндүз -5...-10° чейин;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27°, күндүз -13...-18° чейин;
Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30...-35°, күндүз -14...-19° чейин.
Мындай туруксуз аба ырайы автотранспорттун, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.