SerepTV Logo

1-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 1-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +10…+15; Талас жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +9…+14; Ош, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27; Баткен облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20; Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22 градус болот. Бишкек шаарында күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9°, күндүз +12…+14° болот.
edita