SerepTV Logo

1-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 1-октябрда Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусу түнкүсүн +5… +10, күндүз +21…+26, Талас облусу түнкүсүн +4… +9, күндүз + 18…+23, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8… + 13, күндүз +22… +27, Ысык-Көл облусу түнкүсүн +3… +8, күндүз +16 … +21, Нарын облусу түнкүсүн +2… +7, күндүз +15… +20. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25 градус болот.