1-майдан 11-майга чейин Калкты тейлөө борборлору иштебейт
Узак майрам күндөргө байланыштуу 1-майдан 11-майга чейин Калкты тейлөө борборлору иштебейт. Бул тууралуу Кызмат мамлекеттик мекемесинен билдиришти.
"Мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн «Түндүк» порталы же мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн кызматтарды пайдаланууну сунуштайбыз — бул ыңгайлуу, тез жана кезексиз",- деп айтылат маалыматта.