1-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 1-июлда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк тоолуу аймактарында жаан жаайт. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +31...+36;
Талас аймагында түнкүсүн +11...+16, күндүз +29...+34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +32...+37;
Ысык-Көл жжергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29;
Нарында дубанында +6...+11, күндүз +24...+29.
Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +19...+21, күндүз +32...+34.