SerepTV Logo

1-июлдан тарта спирт ичимдиги менен тамеки милдеттүү түрдө маркаланат

1-июлдан тарта спирт ичимдиги менен тамеки милдеттүү түрдө маркаланат
1-июлдан тарта Кыргызстанда спирт ичимдиги жана чылымды санариптик идентификациялоочу каражаттар менен милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабалашты. Маалыматка караганда, 2022-жылдын 1-январынан тарта өлкөнүн аймактарында маркаланбаган ичимдик менен чылымды жүгүртүүгө тыюу салынат. Арак, ликер-арак ичимдиктери, күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзам, шарап, коньяк (коньяк спиртинен тышкары), шампан, спирти аз ичимдиктер, чылым (чыпкалуу жана чыпкасыз) жана чылым менен ысытылуучу буюмдар (ысытылуучу чылым таякчасы, чылымы бар ысытылуучу капсула) милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш. "Аталган товарларга маркалоонун GTIN-коддорун алуу үчүн өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар биринчи кезекте GS1 Kyrgyzstan предметтик номерлөө ассоциациясына кирүүсү зарыл. Андан кийин маркалоонун улуттук оператору "Альфа Телеком" ЖАК менен ичимдик жана чылым саткандарга маркалоо коддорун берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө келишим түзүлөт",- деп айтылат маалыматта.