SerepTV Logo

1-июлдан баштап импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгы алынбайт

1-июлдан баштап импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгы алынбайт
1-июлдан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгы алынбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Мындай чечим азык-түлүккө болгон рыноктук бааларды турукташтыруу жана чарбалык субъектилерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды. Нөл пайыздык коюм төмөнкү товарларга белгиленет:
  • 2021-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин – ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден импорттолуучу кумшекер жана өсүмдүк майына;
  • 2021-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин ташылып келинген малга (жылкы, бодо мал, чочко, кой, үй канаттуулары).
Unknown Author