SerepTV Logo

1-февралга дейре Бишкектеги бардык мектептер жана бала бакчалар мурдагыдай иштөөгө кайтат

1-февралга дейре Бишкектеги бардык мектептер жана бала бакчалар мурдагыдай иштөөгө кайтат
Бишкек шаарынын окуучулары мектептерге 1-февралдан тартып кайта алышат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча ишти вице-мэр Айжан Чыныбаева алып барууда. “Азыр Саламаттыкты сактоо, Билим берүү жана илим министрлиги менен сүйлөшүп жатабыз. Азыр абал туруктуу болуп турат. 15-январдан тартып этап-этабы менен мектепке кайтууну кароодобуз, башында жогорку класстын окуучулары барышы ыктымал. 1-февралга дейре бардык мектептерди жана бала бакчаларды кайрадан ишке киргизгибиз келет”, - деди Түлөбаев. Окуучулар ушул жылдын март айында онлайн-форматта окууга өткөн эле.
admin@supertv.kg