1-декабрдан тарта Кыргызстандын аймагына кирүүдө милдеттүү түрдө ПЦР-тест талап кылынат
Министрлер кабинети өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөөгө багытталган чаралар 1-декабрдан тарта ишке ашырыларын билдирди.
Чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар Кыргыз Республикасына кирүү үчүн эмделүү макамынан көз карандысыз түрдө, милдеттүү тартипте коронавирус инфекциясына ПЦР-тест тапшырып, терс тестке ээ болушу керек. Жаңы штамм жөнүндө маалыматтардын негизинде, Саламаттыкты сактоо министрлиги «омикрон» жаңы штаммынын очогу аныкталып жаткан өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга көз салып, анын өлкөгө кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу максатында ал өлкөлөрдүн тизимин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет. Мындай өлкөлөрдүн жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыюу салынат. Министрлик жана ведомстволорго республикада COVID-19 жаңы штаммына байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурда толук даярдыкта туруусу тапшырылды.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен COVID-19 жаңы штаммы маселеси боюнча шашылыш консультация өткөрүлгөн.