1-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 1-августта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36 Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33 Баткенде түнкүсүн +17…+21, күндүз +30…+35 Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28 Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29 Бишкекте түнкүсүн +16…+19, күндүз +32…+34 градус болот.