SerepTV Logo

"Мегаком" компаниясы дагы да аярлуу катмардагы балдарга жардам берүүсун улантууда

"Мегаком" компаниясы дагы да аярлуу катмардагы балдарга жардам берүүсун улантууда
"Мегаком" компаниясы дагы да аярлуу катмардагы балдарга жардам берүүсун улантууда. Ушул жылдын июнь айында “Мегаком” компаниясы Оштогу №12 көмөкчү мектептеги жана Жалал-Абаддагы өзгөчө балдардын абалы менен таанышып, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында жатаканага керектүү буюмдарды жана бөбөктөргө атайын таттууларды тапшырышты. Бул иш-чара "Мегаком" компаниясынын алгачкы жана акыркысы эмес. “Мегаком” компаниясы жети дубандагы дал ушундай жардамга муктаж мектеп-интернаттарга жылына 2 ирээт жардам берип келет. Белгилей кетсек, өткөн жылы дал ушул Оштогу мектепке көзөмөл камераларын орнотуп, газ плиталар менен камсыздаган. Ал эми Жалал-Абаддагы өзгөчө балдар тарбияланган жайга жылына ар тараптуу жардамдар берилип келет. 100% акциясы мамлекетке таандык уюлдук оператор, корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында кайрымдуулук иштерине жигердүү салым кошуусун мындан ары да уланта бермекчи.
admin@supertv.kg