Ырчылар Эльзар Тиленбаев менен Айгерим Эшим ата-эне статусуна ээ болушат
Ырчылар Эльзар Тиленбаев менен Айгерим Эшим ата-эне статусуна ээ болушат. Бул тууралуу түгөйлөр социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Убакыт учкан куш. Үйлөнгөнүбүзгө сегизинчи ай кетип жатат. Кечээ күнү эле кыз-жигит болуп жүрдүк эле. Бүгүн минтип ата-эне жолуна аттанганы аз убакыт калыптыр. Сиздерден жылуу сөз күтөбүз",- деп жазды ырчы.
2-июль күнү "Көз мончогум" деп ырдаган ырчы Айгерим Эшимдин кыз узатуу тою болуп өткөн. Ал ырчы Эльзар Тиленбаевге турмушка чыккан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram