SerepTV Logo

Ырчы Витас экинчи кызын күйөрмандарына тааныштырды

Ырчы Витас экинчи кызын күйөрмандарына тааныштырды
Жакында эле ырчы Витас үчүнчү жолу ата болду. Атактуу аялынын кош бойлуу экендигин элден жашырып келген. Жубайы Светлана Гранковскаянын наристелүү болушу да жашыруун өткөн. Бул жаңылык менен 1-июнда балдарды коргоо күнүндө гана ырчы экинчи кызы бар экендигин ачыктады. Ырчы өзүнүн инстаграм баракчасында колундагы наристеси менен түшкөн видеосун жарыялап, "Таанышып алгыла, Алиса!" деп наристенин туулган күнүн белгилеген. Муну менен Алисанын 18-майда жарык дүйнөгө келгени маалым болду. [video width="640" height="800" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/06/839722803_193682524_767184713997281_4530729428437722714_n.mp4"][/video]  
Unknown Author