Ырчы Салидинастын жигити колун сурады
Ырчы Салидинастын жигити колун сурады. Анын жигити "Асман" вокалдык сынагынын 2-сезонунун жеңүүчүсү Урмат Токомбаев. Учурда жаштардын санаалаштары, достору Инстаграмдагы баракчаларга аларды белгилеп, куттуктап жаткан чагы.
Маалыматтарга караганда, ырчы айымдын колун жигити кечээ, 11-октябрда Бишкекте өткөн Ka4eli Fest фестивалында сураган. Салидинас "ооба" деп жооп берген.