SerepTV Logo

Ырчы Сайкал Садыбакасова апасына унаа белек кылды (видео)

Ырчы Сайкал Садыбакасова апасына унаа белек кылды (видео)
Ырчы Сайкал Садыбакасова апасы Кыргыз Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасовага унаа белек кылды. Видео менен ырчы айым соцтармактагы баракчасында бөлүштү. "Апама LEXUS LX570 белек кылдым. Бул менин көптөн берки кыялым эле! Кимдер гана 9 ай сай-сөөгү сыздап төрөгөн апасы жөнүндө жакшы кептерди айтып мактанбасын, бул ааламды көрүүгө мүмкүнчүлүк берген алтын апакем сиз бар - биз бар! Канчалаган кыйынчылыктарды көтөрүп, ушул даражага алып келдиңиз. Апакебай, сиздин берген таалим-тарбияңыздын үзүрүн көрүп жатам. Бул белек сиздин тоодой эмгегиңиз менен сүйүүңүздүн алдында эмне болуп калыптыр", - деп жазды ал.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Сайкал Садыбакасова (Aisha) (@saikal_sadybakasova__)

edita