Ырчы Сагын Эргешов: "Атамдын өлүм алдындагы акыркы сөзүн укпай калдым. Бул өмүр бою мени ичимден жейт"
Ооруканага алып барсак, атамдын ичегилери ириңдеп кеткенин айтышты. Атам "оорукананы угузба" деп койчу. Эми ошого чейин айтпай, чыдап жүргөнүн карасаң. Бул тууралуу ырчы Сагын Эргешов маек берип жатып, көз жумган атасын эскерди.
"Атамдын оорусунун менден жашырышы мага азыркыга чейин табышмак. Тез жардам менен Ошко алып бардык. Операцияга алып кирип кетишти. Мен ошол учурда кучактап өөп алайын дедим. Дарыгерлер мага "операциядан чыгат же чыкпайт" дешти. Тил кат жазып бердим. Операциядан атам чыкпайт, жыйынтык жок. Мен күтүп отурам. Операция 6-7 саатка созулду. "Атаң жакшы, операциядан чыкты" дешти. Ошол күнү атам көзүн ачты", - деди ал.
Ал ошондой эле атасы ага акыркы сөзүн айткысы келгенин, бирок айта албай калганын айтты. "Атам "эң акыркы сөзүмдү сага айтам" деди. Эмне сөздү айтмак эле ошону мен укпай калдым. Ичимде өмүр бою мени жеген нерсе ушул болуп калды", - дейт ырчы.