Ырчы Нуркыз Кожонова уул төрөдү
SUPERTV'нын "Жылаңач баатыр" реалити-шоусунун катышуучусу, ырчы Нуркыз Кожонова уул төрөдү. Жагымдуу кабарды ырчы өзү сүйүнчүлөп, буларга токтолду.
"8-февралга караган түнү Алматы шаарында көз жардым. Уулумдун салмагы 3 килограмм 500 грамм, бою 54 сантиметр болуп төрөлдү. Учурда экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы. Ысымын Элхан деп атадык", - дейт ырчы.
Айта кетсек, ырчы менен жолдошу буга чейин бир уулду тарбиялап келишкен.