SerepTV Logo

Нурайым Азыкбаева ырдап жатканда Мерьем Узерли көзүнө жаш алды (видео)

Нурайым Азыкбаева ырдап жатканда Мерьем Узерли көзүнө жаш алды (видео)
"Даңазалуу доор" сериалындагы Хүрремдин ролун аткарып, дүйнөгө таанылган актриса Мерьем Узерли кыргызстандык ырчы Нурайым Азыкбаева ырдап жатканда ыйлап жиберген. Ал видеону социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. “Урматтуу Нурайым Азыкбаева! Сиздин бизди тосуп алгандагы энергияңыз, аткарууңуз, сонун үнүңүз жана ырыңыз жүрөгүмдүн түпкүрүнө чейин жетти. Мага ушундай сезимди тартуулаганыңыз үчүн рахмат. Сиз эң сонун аткаруучусуз”, - деп Мерьем Узерли суктануу жана ыраазычылык сөздөрүн жазган.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от meryemuzerlimeryem (@meryemuzerlimeryem)

6-сентябрда Бишкекте түрк актрисасы Мерьем Узерлинин катышуусунда Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы долбоордун бет ачары өткөн.
edita