Ырчы Марс "шаардык кызына" баш кошту (сүрөт)
SuperTV телеканалындагы "Жылаңач баатыр" долбоорунун катышуучусу, “Шаардык кыз Аида” деп ырдаган ырчы мырза Марс бойдокчулук менен коштошту.
Ал бүгүн, 21-сентябрда Мээрим аттуу сүйүктүүсүнө баш кошту. Дегенибиз сүйүктүүсүн кыргыздын салты менен үйүнө алып кетти. Үлпөт той учурда Бишкектеги тойканалардын биринде өтүп жатат.
Ырчы мырза сүйүктүүсүнүн колун 8-мартта сураган. "Мээрим 1994-жылы Бишкекте туулган. Экөөбүз мамиле курганыбызга 1 жылдай болуп калды, былтыр карантин учурунда таанышканбыз. Алдыда агам сүйлөшкөн кызымдын ата-энеси менен таанышат. Орозодон кийин баш кошолу деп турабыз”, — деген ырчы мырза.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="73994,73995,73996,73997,73998,73999"]