Ырчы Марат Ибраев Андрей Малаховдун "Песни от всей души" берүүсүнө катышты
Ырчы Марат Ибраев Андрей Малаховдун "Песни от всей души" телеберүүсүнө катышып келди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырчы менен байланышканыбызда маалым болду.
"Берүүнүн бул чыгарылышы 1-Май эмгекчилердин күнүнө арналган экен. Союз учурунда кандай белгиленген, кайсы ырлар ырдалганы тууралуу кеп болду. Мен 2 ыр ырдадым. Бирөөсүн жалгыз чыгып, ал эми экинчисин столдо отуруп, жалпы ырдадык. Берүүгө Евгений Петросян, Анна Шатилова жана ар кайсы жерден келген ырчылар катышты. Тартуу иштери 1-2 күн мурда болду. 1-майда "Россия" телеканалынан көрсөтүлөт",- деди ал.