Ырчы Ильяс Кудретов үчүнчү ирет ата болду
Ырчы Ильяс Кудретов үчүнчү ирет ата болду. Бул тууралуу ырчы SUPERTV`га сүйүнчүлөдү. “Азыр чыгармачылыктагы жана башка жумуштар менен Москвада жашап жатабыз. Ушуга байланыштуу келинчегим да Москвадагы төрөтканалардын биринде 9-июнь күнү көз жарды. Уулубуздун салмагы 3 килограмм 330 грамм, ал эми бою 52 сантиметр болуп төрөлдү. Учурда эне-баланын абалы жакшы", - дейт ал.
Айта кетсек, ырчы менен келинчеги буга чейин бир кыз, бир уулдуу тарбиялап келишкен.
Ильяс Кудретов менен жубайы Нурзаданын "Жан шерик" долбооруна берген маеги төмөндөгү видеодо.
https://www.youtube.com/watch?v=7NSEK4vm17Q