SerepTV Logo

Ырчы Эрлан Андашев Кыргызстанга келди. Аны өзүнүн ыры менен тосуп алышты

Ырчы Эрлан Андашев Кыргызстанга келди. Аны өзүнүн ыры менен тосуп алышты
Учурдун хитмейкери аталган ырчы Эрлан Андашев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды. "Буйруса аман-эсен мекенибизге келип алдык, кубанычыбызда чек жок. Бардык туугандарга, досторума ысык тосуп алганыныздарга чоң рахмат. Музыкант ини, байкелериме өзгөчө ыраазычылык",- деп жазды ал. Видеодон көрүнгөндөй аны өзүнүн ыры менен тосуп алышкан. Буга чейин ырчы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине "жакынкы аралыкта Кыргызстанга үй-бүлөм менен барам. Эл, күйөрмандарым ошончо келгенден кийин концерт коюп кет деп суранышканынан 23-24-сентябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда жеке концертимди берүүнү чечтим",- деген.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от ERLAN Andashev ???? (@erlanandashev)

edita