Ырчы Азиз Батыровдун "Ынтымак" тобу Түркияда өткөн фестивалда жеңүүчү болду
Ырчы Азиз Батыров “Ынтымак” тобу менен бирге Түркияда өткөн эл аралык фестивалда 1-орунду жеңип алды. Мындай жагымдуу кабары менен ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Жеңишиң кут болсун Кыргызстан! Кыргызстан 1-орунду багындарды. Бизди колдогон баардык мекендештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз",- деди ал.
"Түрк урууларынын маданият фестивалы" быйыл 16-20-июль күндөрү өтүп, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Татарстан жана башка жыйырмага жакын мамлекеттердин өнөрпоздору катышкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram