Ырчы Азалия Эл аралык сулуулар сынагына катышууга чакыруу алды
Ырчы Азалия Дүйшөналиева Эл аралык сулуулар сынагына катышууга чакыруу алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Miss Global-2021” Эл аралык сулуулар сынагына катышуу үчүн расмий чакыруу алдым. Сынак ушул жылдын 30-августунда башталып, 13-сентябрга чейин уланат. Өтө турган жери - Индонезиянын Бали аралы. Кубанычым койнума батпай турат. Бирок сынакка катышсамбы же жокпу чече албай жатам. Сиздерден кеңеш күтөм”, - деп жазган ал.
Айта кетсек, Азалия Дүйшөналиева буга чейин Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн "Miss Cosmopolitan World-2018" жана Египетте өткөн "Miss Eco International" сулуулук сынактарына катышкан.