Ырчы Азалия экинчи наристесин күтүп жатканын ачыктады
«Кыз-Бурак» тобунун мурунку солисти, учурда жеке ырчы Азалия экинчи наристесин күтүп жатканын ачыктады. Ал социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жүктөдү.
"Кыз же уул экенин билебиз. Эгер "жакты" баскычынын саны 1 миңден ашса, "гендер патинин" видеосу менен бөлүшөм", - деп жазды ал.
Азалия эне статусуна өткөн жылдын 9-май күнү ээ болгон. Ал Түркияда көз жарган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram