Ырчы Азалия АКШда экинчи наристесин жарыкка алып келди (сүрөт)
«Кыз-Бурак» тобунун мурунку солисти, учурда жеке ырчы Азалия көз жарды. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөт менен бөлүштү.
"Кош келдин, уулум",- деп жазды ал.
Азалия эне статусуна 2022-жылдын жылдын 9-май күнү ээ болгон. Ал Түркияда көз жарган. Ушул жылдын март айында ал үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кеткенин айткан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram