Ырчы Айпери Кулбаева көз жарганын айтып, сүйүнчүлөдү
Ырчы Айпери Кулбаева көз жарганын социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Кудайдын буйругу менен ата-энелерибиздин, жакындарыбыздын, жана эли-журттун батасы менен аман-эсен наристебизди кучагыбызга алып, кубанычыбызда чек жок. Биздин үй-бүлөбүзгө кубаныч тартуулаган, элдин керегине жараган инсан болсун баатырыбыз",- деп жазды ал.
Ырчы айым буга чейин наристе күтүп жатканын жазып, сүйүнчүлөгөн болчу. "Буйруса 4-наристебизди күтүп жатабыз. Билем азыр ушуну окуган баарыңыздарда "эки эле баласы бар го" деген суроо жаралат. Ооба, 2 балабыз бар шүгүр. Үчүнчүбүз кыз болчу, чарчап калган. Аны дагы энелик мээримим менен курсагымда көтөрдүм, ошон үчүн айта жүрүшүм керек. Ал дагы балам болуп эсептелет. Азыр жашоодо болгондо 5 жашка чыгып калмак Орозгүлүм", - деп жазган ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram