SerepTV Logo

"Универсал" тобунун оюнчусу, тамада Таирбек Исманалиев уулдуу болду

"Универсал" тобунун оюнчусу, тамада Таирбек Исманалиев уулдуу болду
Көптөн бери Москва шаарында жашап жүргөн "Универсал" тамашоу командасынын оюнчусу, тамада, ырчы Таирбек Исманалиев уулдуу болду. Үй-бүлөсүндөгү толуктоо тууралуу ал социалдык баракчасына жазды. "Кудайыма чексиз шүгүрлөр болсун! Бизге уул берди, Амир козум, өмүрүң узун, ден соолугуң чың, ырыскың кенен, ыймандуу жигиттерден болуп чоңойгун! Достор, сиздерге да ушундай бактылуулукту каалайм! Үй-бүлөм дагы бир кишиге көбөйдү, "Универсалдын" катарына дагы бир "красавчик" кошулду", - деген Таирбек. Белгилей кетсек, Таирбек 2017-жылы Бермет аттуу кызга баш кошкон.
info