SerepTV Logo

Түркияда бөйрөгүн алмаштырган актёр Нуржаасын Жумагулов Бишкекке кайтып келди

Түркияда бөйрөгүн алмаштырган актёр Нуржаасын Жумагулов Бишкекке кайтып келди
Түркияда бөйрөгүн алмаштырган «Маданияттын мыкты кызматкери», актёр Нуржаасын Жумагулов Бишкекке кайтып келди. Аны "Манас" аэропортунан жакындары тосуп алган сүрөттөрдү соцтармактагы баракчасына жарыялады. Июнь айында Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын актёру Нуржаасын Жумагулов эки бөйрөгү жабыркаганын билдирип, бир бөйрөгүн алмаштыруу үчүн коомчулуктан жардам сурап кайрылган. Август айында бөйрөгүн алмаштырган ооруканадан аман-эсен чыкканын билдирген.
info