SerepTV Logo

Таласта өткөн эл аралык айтышта Акматбек Султан уулу жеңүүчү аталды

Таласта өткөн эл аралык айтышта Акматбек Султан уулу жеңүүчү аталды
Таласта өткөрүлгөн Кыргыз Эл акыны Байдылда Сорногоевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтышта баш байгени төкмө акын Акматбек Султан уулу багындырды. Андан сырткары 1-орунду Темирбек Матыбаев, 2-орунду Абдылда Нуралиев, 3-орунду казак акыны Нурлыбек Курманов алды. Эл аралык айтыш кечээ, 16-май күнү Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы облустук драма театрында өтүп, таймашка жалпы 15 акын катышкан.
info