SerepTV Logo

Сүйүнчү! Ырчы Илгиз Абдалиев ата болду

Сүйүнчү! Ырчы Илгиз Абдалиев ата болду
Илгиз Абдалиев ата болду. Кубанычтуу кабарын ырчы SUPERTV'га билдирди. Анын айтымында, жубайы Назима Муратбекова бүгүн, 8-майда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарган. "Кадыр түндө жубайым аман-эсен жеңилдеп алды. Кубанычымда чек жок. Уулумдун салмагы 3540 килограмм, бою 50 сантиметр. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Жубайым көз жарганга чейин досторум Аваз, Адилет, Айдана жанымда болушту. Азыр да жоро-жолдоштор менен жакшы тилектерди айтып отурабыз", - дейт ырчы.
Unknown Author